Бишкек.13.05.2019.Govori.TV.
Индонезиянын саламатыкты сактоо министриги билдиргендей шайлоодогу добуштарды санаган комиссиясынын кызматкерлери инсульт жана инфаркт дартынан каза болушту. Орточо жаш курактары 50 дөн 70 жаштын аралыгындагы 496 кызматкер. Анын ичинен 131 каза болгон жаран Батыш Джава провинциясынан.
Саламатыкты сактоо министрлигинин башкы катчысы Оскар Примади бул теманын алкагындагы чайкоочулук кадамдарга барбоого чакырды.
Эске салсак, ушул жылдын апрель айында Индонезияда бир учурда бардык бийлик бутагына шайлоо болуп өткөн. Эл президентти, вице-президентти жана депутаттарды шайлашкан. Шайлоо комиссиясы расмий жыйынтыкты 22-майда жарыялайт.