• Шаршемби 8 Бугу 2024
  • Среда 8 Май 2024

500дөй фура топтолду. Кыргыз-казак чек арасындагы абал

23 Баш оона 2023 13:57 Бишкек Govori.TV

Кыргыз-казак чек арасындагы «Ак-Тилек» бекетинде кезек күткөн унаалар көбөйдү. Бул тууралуу Чек ара кызматынын маалымат жана коммуникация башкармалыгы кабарлады.

Маалыматка ылайык, 23-августта саат 13:00го карата “Ак-Тилек-автожол” өткөрүү жайынын алдында 493 унаа турат, “Кең-Булуң-автожол” өткөрүү жайынын алдында 146 автоунаа турат.

Кечээки сутка ичинде Кыргызстандан Казакстанга 112 автоунаа чыккан.

Кыргыз тараптан өткөрүү жайлары күнүмдүк тартипте иштеп жатат.

Эскерте кетсек, Чүй облусунда “Ак-Тилек-автожол” көзөмөл-өткөрүү жайынын алдында жардам көрсөтүү жай катары чатырлар тигилген. Ал жактарда айдоочуларга жана жүк ташуучуларга зарыл болгон жардамдар көрсөтүлүүдө: медициналык, психологиялык, кеңеш берүүчү жана башка, ошондой эле ысык тамак уюштурулган.

Количество просмотров: 83