Кыргызстанда 29-июнга карата дагы 52 адам коронавирус оорусунан дарылангандан кийин ооруканадан чыкты. Бүгүнкү күнгө карата өлкөдөгү эпидемиологиялык абал боюнча саламаттыкты сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев маалымат берип жатат.
Жаңы айыккан бейтаптар:
Бишкек шаарында – 6;
Чүй облусунда – 13;
Ош шаарында – 21;
Ош облусунда – 3;
Талас облусунда – 6;
Баткен облусунда – 3.
Муну менен өлкөдө коронавирустан айыккандардын саны 2294 адамга жетти.