• Жекшемби 28 Чын куран 2024
  • Воскресенье 28 Апрель 2024

№53 абактын жетекчисинин орун басары кармалды

24 Баш оона 2023 12:09 Бишкек Govori.TV

Юстиция министрлигине караштуу №53 абактын жетекчисинин ыкчам иштер боюнча орун басары кармалды. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматы кабарлады.

Маалыматка ылайык, 17-августта КР УКМКнын Жалал-Абад облусу боюнча Башкы башкармалыгынын кызматкерлери тарабынан жүргүзүлгөн тергөө-ыкчам иш-чараларынын натыйжасында, Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 342-беренесинин 1-бөлүгүнүн негизинде козголгон кылмыш ишинин алкагында, арыз ээсине 25 000 сом акча каражатын кайтарып берүү учурунда КРнын Адилет министрлигине караштуу №53 ЖАМ мекемесинин ыкчам бөлүмүнүн башчысы «И.А.С.» кармалган.

«2023-жылдын июнь айында аталган мекеменин кызматкери И.А.С. Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине караштуу жазаларды аткаруу мекемесине кызматка орноштуруу үчүн “З.Д.З” аттуу жарандан 40 000 сом сураган жана алдын ала төлөм түрүндө 25 000 сом алган. Бирок, убакыт өткөндөн кийин, И.А.С. иш менен камсыз кылуу, ошондой эле мурда алынган каражаттарды кайтарып берүү маселесин талкуулоо аракетин ар кандай жолдор менен жокко чыгарып, арыз ээси «З.Д.З.» менен байланышты токтоткон», — деп айтылат маалыматта.

Учурда кармалган кызматкер КР УКМКнын Жалал-Абад облусу боюнча убактылуу кармоочу жайына киргизилди. Тиешелүү тергөө амалдары жүргүзүлүүдө.

Теги:
Количество просмотров: 314