• Дүйшөмбү 29 Чын куран 2024
  • Понедельник 29 Апрель 2024

53 адамдан COVID-19 жаңы табылып, 2 бейтап каза болду

10 Бештин айы 2021 9:17 Бишкек Govori.TV

Кыргызстанда 9-декабрга карата коронавирус дагы 53 адамдан аныкталды. Бул тууралуу Республикалык штаб билдирди.

Жаңы учурлар:

  • Бишкек шаарында – 25,
  • Чүй облусунда – 15,
  • Ош облусунда – 2,
  • Ысык-Көл облусунда – 3,
  • Жалал-Абад облусунда – 4,
  • Баткен облусунда – 4.

Ал эми бир суткада 54 адам илдеттен сакайып чыгып, 2 бейтап каза болду.

Бүгүнкү күндө стационарларда коронавирустан 363 бейтап, амбулатордук түрдө 346 адам дарыланууда.

Кыргызстанда пандемия башталгандан бери 183 миң 863 адам коронавирус жуктурган. Алардын ичинен 178 миң 905 киши айыгып чыкса, 2 миң 766 адам каза болду.

Количество просмотров: 57