13-июнга карата коронавирус дагы 558 адамдан аныкталды. Бул тууралуу Республикалык штабдан билдирди.
Жаңы учур:
Айыккандар:
-Бишкек шаарында 178 адам;
— Ош шаарында 18 адам;
— Чүй облусунда 66 адам;
— Ысык-Көл облусунда 19 адам;
— Ош облусунда 17 адам;
— Жалал-Абад облусунда 12 адам;
— Нарын облусунда 6 адам;
— Баткен облусунда 3 адам.
Сутка ичинде COVID-19 илдетинен Бишкек шаарында – 5, Чүй облусунда – 2, Ысык-Көл облусунда – 2 бейтап каза болду.
Сутка ичинде өлкө боюнча 29 медициналык кызматкер коронавирус жуктуруп алганы аныкталды. Пандемия башталгандан бери 4 миң 886 медицина кызматкери коронавирус жуктуруп алган, алардын ичинен 4 миң 674 медкызматкер айыгып чыкты.
Кыргызстанда пандемия башталгандан бери 110 миң 370 адам коронавирус жуктурган. Алардын ичинен 102 миң 633 киши айыгып чыкса, 1 миң 890 адам каза болду.