Кыргызстанда 2-декабрга карата коронавирус дагы 56 адамдан аныкталды. Бул тууралуу Республикалык штаб билдирди.
Жаңы учурлар:
Эмдөө албагандар арасында үч бейтап каза болду.
Ал эми бир суткада 72 адам илдеттен сакайып чыгып, бүгүнкү күндө стационарларда коронавирустан 389 бейтап, амбулатордук түрдө 432 адам дарыланууда.
Кыргызстанда пандемия башталгандан бери 183 миң 460 адам коронавирус жуктурган. Алардын ичинен 178 миң 404 киши айыгып чыкса, 2 миң 752 адам каза болду.