Жалал-Абад шаарынын милициясы күйөөсүн өлтүрүүгө шектелген аялды кармады. Бул тууралуу облустук милициядан билдиришти.
Маалыматка ылайык, 25-март күнү саат 21:55 чамасында Жалал-Абад ШИИБге Жалал-Абад шаарындагы батирлердин биринде аял киши өзүнүн күйөөсүн учтуу нерсе менен сайып, натыйжада денесинен алган жараатынан улам күйөөсү окуя болгон жерде каза болгондугу тууралуу маалымат келип түшкөн. Жалал-Абад ШИИБдин ыкчам-тергөө тобу, жетекчилиги прокуратура кызматкерлери менен бирге окуя болгон жерге барып кароо жүргүзүлүп, схемасы чийилип, тийиштүү эскпертизалар дайындалып, 1 даана бычак далил буюм катары алынган.
Бул факты Жалал-Абад ШИИБдин тергөө кызматы тарабынан кылмыштардын бирдиктүү реестрине Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 122-беренеси (Адам өлтүрүү) менен катталып, кылмыш иши козголгон.
«Окуя боюнча териштирүү учурунда күйөөсү менен аялы 2012-жылдан бери чогуу жашашкандыгы, окуя болгон күнү чогуу спирт ичимдигин ичишкендиги аныкталган. Күйөөсү 52 жашта болгон. Жалал-Абад ШИИБдин кызматкерлери тарабынан кылмыш ишине шектүү катары Жалал-Абад шаарынын тургуну 1972-жылы туулган Л.С. кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилген»,-деп жазылат маалыматта.
Учурда тергөө амалдары жүрүүдө.