• Жума 29 Жалган куран 2024
  • Пятница 29 Март 2024
Орозо

56 адамдан вирус жаңы табылып, 2 бейтап көз жумду

31 Бештин айы 2021 10:30 Бишкек Govori.TV

Кыргызстанда 31-декабрга карата коронавирус дагы 56 адамдан аныкталды. Бул тууралуу коронавируска каршы Республикалык штаб билдирди.

Жаңы учурлар:

Бишкек шаарына – 41,

Чүй облусунда – 1,

Ош облусунда – 2,

Талас облусунда – 2,

Жалал-Абад облусунда – 7,

Баткен облусунда – 3.

Ал эми бир суткада 48 адам илдеттен сакайып чыкты, эки бейтап көз жумду.

Бүгүнкү күндө стационарларда коронавирустан 257 бейтап, амбулатордук түрдө 319 адам дарыланууда.

Кыргызстанда пандемия башталгандан бери 184 миң 689 адам коронавирус жуктурган. Алардын ичинен 179 миң 826 киши айыгып чыкса, 2 миң 802 адам каза болду.

Количество просмотров: 110