• Жума 26 Чын куран 2024
  • Пятница 26 Апрель 2024

58 адам COVID-19 жуктуруп, 2 бейтап каза болду

20 Аяк оона 2021 9:28 Бишкек Govori.TV

Бүгүн, 20-сентябрга карата өлкөдө коронавирус 58 адамдан аныкталды. Бул тууралуу Республикалык штабдан билдиришти.

Жаңы учурлар:

Бишкек шаарында – 36,

Чүй облусунда – 6,

Талас облусунда – 1,

Нарын облусунда – 1,

Ысык-Көл облусунда – 9,

Жалал-Абад облусунда – 5.

Сутка ичинде COVID-19 илдетинен өлкө боюнча эки бейтап каза болду.

Ал эми бир суткада 72 адам илдеттен сакайып чыккан. Бүгүнкү күндө стационарларда коронавирустан 591 бейтап, амбулатордук түрдө 868 адам дарыланууда.

Кыргызстанда пандемия башталгандан бери 177 миң 780 адам коронавирус жуктурган. Алардын ичинен 172 миң 261 киши айыгып чыкса, 2 миң 590 адам каза болду.

Количество просмотров: 106