• Шейшемби 14 Бугу 2024
  • Вторник 14 Май 2024

59 бейтап коронавирустан айыкты 

4 Теке 2020 10:19 Бишкек Govori.TV

Бир сутка ичинде 59 бейтап коронавирустан айыгып, ооруканадан чыкты. Бул тууралуу бүгүн өкмөт үйүндөгү маалымат жыйынында коомдук саламаттык сактоо башкармалыгынын башчысы Айнура Акматова билдирди.

Анын айтымында,ооруканадан чыгарылгандардын кайталап алынган анализдери терс болуп чыккан.

«Бишкек шаарынан 37, Чүй облусунан 3, Ош облусунан 2, Ош шаарынан 5, Нарын облусунан 1, Жалал-Абад облусунан 7, Талас облусунан 1, Баткен облусунан 2, Ысык-Көл облусунан 1 бейтап коронавирустан айыгып, үйлөрүнө чыгарылды»,-деди Акматова.

Кошумчалай кетсек, республика боюнча  жалпы 2714 бейтап айыгып, ооруканадан чыгарылды.

Количество просмотров: 52