Бишкек.06.07.2019.Govori.TV.
6-июлда күндүз жана 7-июлда Ысык-Көл, Нарын облустарынын көпчүлүк аймактарында, Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын тоо этектеринде жана тоолуу райондорунда өткүн өтүп, күн күркүрөшү мүмкүн.
Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, күндүз Ысык-Көл, Нарын облустарынын кээ бир райондорунда 15-20 метрге чейин жетет.
Абанын температурасы Чүй, Талас облустарында +28…+33, Ош, Жалал-Абад, Баткенде +30… +35, Ысык-Көл жана Нарын жергесинде +22… +27 градус ысык болот.
Ош жана Бишкек шаарларында жаан-чачын күтүлбөйт. Күндүн табы Ошто +32…+34, борбор калаада +31…+33 градуска жетет.