Президенттин басма сөз катчысы Аскат Алагөзов Ысык-Көл районунун тургундарына жана эс алуучуларына кайрылып, алдыдагы күндөрү жол кыймылында убактылуу чектөөлөр болорун кабарлады.
Анын айтымында, 30-июлдан 1-августка чейин «Тамчы» эл аралык аэропортунан Чолпон-Ата шаарына чейинки автожол маал-маалы менен жабылып турат.
“Жолдордун жабылышы мамлекеттик маанидеги иш-чараларга байланыштуу. Бул күндөрү Кыргызстанга Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёев жана Азербайжандын президенти Ильхам Алиев мамлекеттик сапар менен келишет. Ошондой эле бир катар өлкө башчыларынын катышуусунда «Борбор Азия — Азербайжан» саммити өтөт”,–деп жазган ал.
Аскат Алагөзов жаралган убактылуу ыңгайсыздыктар үчүн алдын ала кечирим сурап, өлкөнүн эл аралык мамилелерин бекемдөөгө багытталган бул маанилүү иш-чараларга түшүнүү менен мамиле жасоону өтүндү.