• Дүйшөмбү 27 Теке 2026
  • Понедельник 27 Июль 2026

Ташиев үй камагына чыкты

27 Теке 202620:50 Бишкек Govori.TV

Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматы тараткан маалыматка караганда, мунай тармагындагы коррупциялык схемага байланыштуу айыпталып жаткан Т.Ш.К. (ред.: Шаирбек Ташиев) «мамлекетке келтирилген зыяндын негизги бөлүгүн өз ыктыяры менен төлөп бергенден» кийин сот анын бөгөт чарасын үй камагына өзгөрттү.

27-июлдагы билдирүүдө «Кыргызнефтегаз» ААК жана «Кыргызгаз Петролеум Компани» ЖАКтын кызмат адамдары күйүүчү-майлоочу материалдарды мыйзамсыз сатуунун коррупциялык схемасын уюштурганы, мыйзамга каршы аракеттердин натыйжасында мамлекетке өзгөчө ири өлчөмдөгү зыян келтирилгени айтылат.

Мекеме кылмыштын бардык жагдайларын аныктоо, күнөөлүүлөрдү жоопкерчиликке тартуу жана мамлекетке келтирилген зыяндын ордун толтуруу боюнча тергөө иштери уланып жатканын кошумчалады.

Количество просмотров: 4