• Дүйшөмбү 27 Теке 2026
  • Понедельник 27 Июль 2026

Бишкекте уруксатсыз пайдаланылып жаткан объекттер аныкталды

27 Теке 202617:25 Бишкек Govori.TV

Бишкек шаарынын Бөкөнбаев көчөсүндө жайгашкан бир катар объектилер тиешелүү уруксат берүүчү документтерсиз пайдаланылып жаткандыгы аныкталды. Бул тууралуу Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министрлиги билдирет.

Текшерүүнүн натыйжасында К.Ч.А. аттуу жаранга карата акт түзүлүп, 200 миң сом өлчөмүндө айып пул салынды. Ошондой эле аныкталган мыйзам бузууларды жоюу боюнча милдеттүү көрсөтмөлөр берилди.

Мамлекеттик архитектура-курулуш контролдоо департаменти курулуш тармагындагы бардык субъекттерди мыйзам талаптарын, курулуш ченемдерин, техникалык регламенттерди жана коопсуздук талаптарын так сактоого чакырат.

Количество просмотров: 3