• Шейшемби 16 Чын куран 2024
  • Вторник 16 Апрель 2024

6-июлда Алматыда нааразылыкка чыккан дагы эки киши алты суткага камалды

15 Теке 2021 17:39 Бишкек Govori.TV

6-июлда Алматыда нааразылык акциясына чыккан активисттер Абзал Достияров менен Алимжан Избасаров 14-июлда кармалып, алты суткага камалды. Алар “майда бейбаштык” беренеси боюнча айыптуу деп табылды.

Алматы полициясы активисттер митинг учурунда атайын бөлүктүн кызматкерлерине акарат келтиргенин билдирди. Достияров менен Избасаровдун тарапташтары буга макул эмес. Алар полициянын атайын бөлүгү нааразылыкка чыккандардын укугун бузуп, «кеттлинг» ыкмасын колдонуп, акцияга катышкандарды дээрлик он саат курчап турганын билдиришүүдө.

6-июлда Алматыда ондогон киши өкмөткө каршы нааразылык акциясына чыгышкан. Бул күнү өлкөдө Борбор шаардын күнү менен катар өлкөнүн экс-президенти Нурсултан Назарбаевдин туулган күнү да белгиленген. Нааразылык акциянын катышуучулары өкмөттүн саясатына, өлкө экономикасындагы Кытайдын таасиринин күчөп жатышына жана баалардын жогорулашына каршы пикирлерин айтып, «Назарбаев, кет!», «Өкмөт отставкага кетсин!» деп кыйкырышкан.

Полиция үч кишини кармап кеткен. Даурен Достияров ( Абзал Достияровдун агасы) менен Ырысбек Токтасын 10 суткага камалган. Валихан Султанов Алматыдагы Психологиялык саламаттык борборуна жактырылган. Султанов акыл-эси ордунда экенин, кармоо учурунда жаракат алганын билдирген.

Количество просмотров: 119