6-июнда Бишкектин айрым райондорунда суу өчүрүлөт. Бул тууралуу мэриядан билдиришти.
“Бишкексууканал” ишканасынын өндүрүштүк-эксплуатациялык башкармалыгынын маалыматына ылайык, 6-июнь күнү саат 09:00дөн 22:00гө чейин турак жайларга, мектептерге, мектепке чейинки балдар мекемелерине, саламаттыкты сактоо мекемелерине жана башка социалдык-тиричилик объектилерине жана өнөр жай ишканаларына таза суу берүү токтотулат.
Өчүрүү аймагы: ЧЧК — Аул көч — Элебесов көч — Карагач токою, анын ичинде «Керамика», «Чалбай», «Кайынды», «Суворова» турак жай конуштарында.
Өчүрүү Арал тилкесиндеги (Карагач токою) суу өткөргүчтөгү авариялык-калыбына келтирүү иштерине байланыштуу.
Борбор калаанын мэриясы келтирилген ыңгайсыздыктар үчүн кечирим сурайт жана мекеме-уюмдарды жана калкты ичүүчү сууну алдын ала камдап алууну суранат.