Бишкек.21.02.2019.Govori.TV.
Бишкек шаарынын Тунгуч кичи районундагы көп кабаттуу үйдөн боюн таштаган кыз эсине келди. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлигинен билдиришти.
Маалыматка ылайык, кыздын абалы оор. Ал денесинен жана ички органдарынан көптөгөн жаракаттарды алган. Учурда дарыгерлердин көзөмөлүндө.
Ал эми укук коргоо органдарынын берген маалыматына ылайык, жабырлануучу батирде бала багуучу болуп иштеп жаткан.
«17 жаштагы кыздын ата-энеси Орусияда иштеп жүргөнү аныкталды. Ал Бишкекте чоң апасы менен жашачу. Алдын ала алынган маалыматка караганда, батирдин ээси кызды уурулукка айыптаган. Ал бөлмөгө бекинип алып өз өмүрүн кыюуну чечкен. Милиция кызды жаман ойдон кайтууга чакырган, бирок өспүрүм аларды угуп да койгон эмес. Эшикти талкалап киришкенде кыз терезеден секирип кеткен», -деп билдиришти укук коргоо органдарынан.
Эске салсак, кечээ көп кабаттуу үйлөрдүн биринен өспүрүм кыз өз өмүрүн кыюуга аракет кылган. Аны милиция кызматкерлери килем менен тосуп аман алып калышкан.