• Дүйшөмбү 20 Бугу 2024
  • Понедельник 20 Май 2024

6-майда күтүлгөн аба ырайы

5 Бугу 2022 16:39 Бишкек Govori.TV

Кыргызгидромет борборунун маалыматы боюнча, 6-майда түнкүсүн Ысык-Көл облусунун көпчүлүк аймактарында, Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад, Баткен, Нарын облустарынын кээ бир райондорунда жаан жаап, күн күркүрөшү күтүлөт.

Күндүз кээ бир райондордо жаан жаап, күн күркүрөшү мүмкүн. Батыштан келген шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет.

Абанын температурасы:

Чүй өрөөнүндө түнкүсүн +8…+13, күндүз +23…+27,

Талас облусунда түнкүсүн +8…+13, күндүз +23…+27,

Жалал-Абад, Ош, Баткен облустарында түнкүсүн +11…+16, күндүз +24…+29,

Ысык-Көл жергесинде түнкүсүн +6…+11, күндүз +20…+25,

Нарын облусунда түнкүсүн +5…+10, күндүз +20…+25.

Бишкек шаарында жаан-чачын күтүлбөйт. Абанын температурасы түнкүсүн +12…+14, күндүз +25…+27 градус болот.

Количество просмотров: 148