6-майда күндүз Талас, Жалал-Абад, Баткен облустарынын көпчүлүк аймактарында, Чүй, Ош облустарынын кээ бир райондорунда жаан-чачын болот. Түнкүсүн Талас, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын кээ бир райондорунда жамгыр жаап, күн күркүрөйт. Бийик тоолорго кар жаайт.
Абанын температурасы:
Чүй өрөөнүндө түнкүсүн 12…17, күндүз 24…29,
Талас жергесинде түнкүсүн 10…15, күндүз 21…26,
Баткен дубанында түнкүсүн 15…20, күндүз 24…29,
Ош, Жалал-Абад облустарында түнкүсүн 12…17, күндүз 22…27,
Ысык-Көл аймагында түнкүсүн 6…11, күндүз 18…23,
Нарын облусунда түнкүсүн 5…10, күндүз 22…27,
Бишкек шаарында түнкүсүн 15…17, күндүз 27…29 градуска чейин жогорулайт.