• Бейшемби 4 Кулжа 2026
  • Четверг 4 Июнь 2026

6 медицина кызматкери коронавирус жуктурду

14 Бугу 202010:31 Бишкек Govori.TV

Акыркы суткада медицина кызматкерлеринин арасынан коронавирусту жуктурган 6 учур катталды. Бул тууралуу саламаттык сактоо министринин орун басары Мадамин Каратаев брифинг учурунда билдирди.

“5 кызматкер Бишкек шаарында, бири Ош шаарында иштейт”, — деди Каратаев.

Ушуну менен COVID-19 аныкталган медкызматкерлердин саны 247 болду. Анын 192си ооруканадан айыгып чыккан.

Количество просмотров: 95