Гидрометеорология агенттиги 6-ноябрда Кыргызстанда жаан-чачын болбойт деп кабарлады. Кээ бир райондордо туман түшөт. Тоо этектеринде жана тоолуу райондордо жолдор тайгак болот. Шамалдын багыты өзгөрүлүп турат, ылдамдыгы секундасына 2-7 метрге жетет.
Абанын температурасы:
Чүй жана Талас облустарында түнкүсүн -7…-12, күндүз -2…+3,
Ысык-Көл, Нарын дубандарынды түнкүсүн -5…-10, күндүз 1…6,
Баткен, Жалал-Абад, Ош облустарында түнкүсүн -4…+1, күндүз 9…14,
Бийик тоолуу райондордо түнкүсүн -24…-29, күндүз -6…-11°.
Бишкек шаарында жаан-чачын болбойт. Түнкүсүн -9…-11, күндүз 0…2°.