Эртең, 6-октябрда түнкүсүн жана күндүз өлкөнүн бардык аймактарында жамгыр, тоолорго кар жаайт. Батыштан келген шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге чейин жетет.
Абанын температурасы:
Чүй өрөөнүндө түнкүсүн 1…6, күндүз 3…8,
Талас облусунда түнкүсүн 1…6, күндүз 2…7,
Баткен, Ош, Жалал-Абад облустарында түнкүсүн 3…8, күндүз 13…18,
Ысык-Көл дубанында түнкүсүн 0…5, күндүз 6…11,
Нарын облусунда түнкүсүн 0…5, күндүз 8…13,
Бишкек шаарында түнкүсүн жана эртең менен кар жаашы мүмкүн. Абанын температурасы түнкүсүн 0…2, күндүз 5…7°.