• Ишенби 20 Чын куран 2024
  • Суббота 20 Апрель 2024

6-январда күтүлгөн аба ырайы

5 Үчтүн айы 2021 14:33 Бишкек Govori.TV

6-январда Кыргызстандын аймагында жаан-чачын жаабайт. Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын кээ бир райондорунда туман түшүшү мүмкүн. Жолдор тоңголок, тайгак болот. Батыш тараптан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет.

Абанын температурасы:

Чүй дубанында ​түнкүсүн -12…-17, күндүз -3…-8;

Талас жергесинде түнкүсүн -14…-16, күндүз 0…-5;

Баткен облусунда ​түнкүсүн -9…-14, күндүз -2…+3;

Ош, Жалал-Абад дубандарында ​түнкүсүн -6…-11, күндүз -1…+4;

Ысык-Көл облусунда түнкүсүн -7…-12, күндүз -3…+2;

Нарын облусунда түнкүсүн -21…-26, күндүз -8…-13;

Бийик тоолуу аймактарда түнкүсүн -27…-32, күндүз -8…-13 градус болот.

Бишкекте кар жаабайт. Абанын температурасы түнкүсүн -15…-17 күндүз -6…-8 градус болот.

Количество просмотров: 174