• Жума 26 Чын куран 2024
  • Пятница 26 Апрель 2024

60 адамдан COVID-19 табылып, 3 бейтап көз жумду

19 Жетинин айы 2021 9:56 Бишкек Govori.TV

Өлкөдө 19-ноябрга карата коронавирус дагы 60 адамдан аныкталды. Бул тууралуу Республикалык штаб билдирди.

Жаңы учурлар:

Бишкек шаарында – 31;

Ош шаарында – 1;

Чүй облусунда – 8;

Ош облусунда – 6;

Ысык-Көл облусунда – 8;

Жалал-Абад облусунда – 1;

Баткен облусунда – 5.

Эмдөө албагандар арасында 3 бейтап каза болду.

Ал эми бир суткада 89 адам илдеттен сакайып чыгып, бүгүнкү күндө стационарларда коронавирустан 538 бейтап, амбулатордук түрдө 650 адам дарыланууда.

Кыргызстанда пандемия башталгандан бери 182 миң 727 адам коронавирус жуктурган. Алардын ичинен 177 миң 289 киши айыгып чыкса, 2 миң 718 адам каза болду.

Количество просмотров: 82