• Шейшемби 23 Кулжа 2026
  • Вторник 23 Июнь 2026

60 миң $ үчүн адам өлтүрүүгө шектүү кылтакка түштү

12 Жетинин айы 202414:58 Бишкек Govori.TV

24-октябрда Аламүдүн районундагы Бер-Булак айылынын Эсенбай көчөсүндөгү үйдөн 73 жаштагы адамдын өлүгү табылган. Ал баштан аяк электр зымы менен чырмалып, бети-башы шишиктерге толо болгон. Ал жаткан бөлмөнүн бардык жеринде кандын издери бар эле.

Бул өлүмгө шектүу катары милиция кызматкерлери 1996-жылы туулган Ш.А. аттуу шектүүнү кармашкан. КР Кылмыш кодексинин 122-беренеси (Адам өлтүрүү) боюнча кылмыш иши козголду. Ш. А. эки айга тергөө абагына камалды.

Тергөөнүн жүрүшүндө өлгөн адам менен шектүү кошуна болуп, экөө жылуу мамиледе болгондугу аныкталган. Октябрь айынын башында пенсионер үйүн сатып, ал үчүн алган 60 миң долларды кошунасына катып коюу үчун берген. Бирок кошунасы ал акчаны жок кылып коюп, акча ээсин өлтүрүүгө барган. Бул тууралуу Чүй облустук ички иштер бөлүмүнүн басма сөз кызматы билдирди.

Тергөө уланууда.

Количество просмотров: 315