Бишкектин Биринчи май райондук соту №61 мектептин мурдагы директору Юрий Низовскийге карата өкүм чыгарды.
Соттун чечими менен №61 автордук физика-математикалык мектеп-лицей окуу комплексинин мурдагы директору Юрий Низовский Т.А. аттуу мугалимден 400 доллар жана А.А. аттуу ата-энеден 10 миң сом өлчөмүндө сый акы алганы аныкталбагандыгына байланыштуу күнөөсүз деп табылды.
«Бирок, Юрий Низовский 251-берененин 1-бөлүгү боюнча күнөөлүү деп табылып, ага 500 эсептик көрсөткүч өлчөмүндө, тактап айтканда, 50 миң сом айыпка жыгылды»,-деп жазылат маалыматта.
Эскерте кетсек, Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети Б.Якир атындагы №61 автордук физика-математика мектеп-лицейинин директору Юрий Низовскийге карата коррупция фактысы боюнча кылмыш ишин козгогон.