• Жума 29 Жалган куран 2024
  • Пятница 29 Март 2024
Орозо

Бишкекте №61 мектептин окуучуларынын ата-энелери митингге чыгышты

27 Теке 2022 11:31 Бишкек Govori.TV

Бүгүн, 27-июлда №61 мектептин окуучуларынын ата-энелери Бишкектеги Горький эс алуу багына чогулушту. Алар мектептин директору Юрий Низовскийдин кызматынан бошотулушуна макул эместигин билдиришүүдө.

Тынчтык акцияга ондогон адамдар чогулуп, алар Низовскийди азыркы кызматында калтыруу талабыл билдиришүүдө. Алардын айтымында, Низовский совет доорунан бери эле өз ишинин аждиси экенин тастыктап келген.

Эске салсак, президенттин жарлыгына ылайык, жаңы окуу жылынын башталышына карата 966 мектепте директорлор алмашышы керек, анткени алар 5 жылдан ашык иштеген. Алар жаңы жетекчилер дайындалганга чейин өз милдеттерин аткара беришет.

Учурда мектеп директорлорунун бош орундарына сынак жарыяланып, бир катар талаптар коюлган.

Количество просмотров: 503