Бүгүн, 18-апрелде Бишкектин Биринчи май райондук соту журналист Семетей Талас уулуна өкүм чыгарды.
Сот Талас уулун 3 жылга эркинен ажыратып, ошол эле учурда 1 жылдык пробациялык көзөмөл чечими кабыл алынды.
Семетей Талас уулун милиция өткөн жылдын 1-ноябрында кармап кеткен жана сурактан кийин аны 48 саатка камаган. Кийин үй камагына чыккан.
Ички иштер министрлиги (ИИМ) журналистке буга чейин Кылмыш-жаза кодексинин 322-беренесинин 1-бөлүгү (экстремисттик материалдарды даярдоо, таратуу) менен кылмыш иши козголгонун жана бул факт Улуттук коопсуздук комитетинде катталганын билдирген. Милиция комплекстүү соттук-лингвистикалык экспертиза «Кыргызстанда тыюу салынган «Хизб ут-Тахрир» экстремисттик уюмуна таандык маалымат камтылган материалды бөлүшкөн» деген корутунду чыгарганын айткан.