• Шаршемби 24 Чын куран 2024
  • Среда 24 Апрель 2024

Коррупцияга шек саналган Юрий Низовский үй камагына чыкты

11 Баш оона 2022 9:01 Бишкек Govori.TV

Бишкектеги №61 мектептин директору Юрий Низовский үй камагына чыгарылды. Мындай чечимди 10-августта Бишкектин Биринчи май райондук соту чыгарган.

“Шектүүнү үй камагына коё берүү тууралуу менин өтүнүчүмдү тергөө да колдоду. Анткени анын мамлекеттик сыйлыктары бар. Андан тышкары ал ооруп жатат. Низовскийдин дарты шектүүнү камакта кармоого болбой турган оорулардын катарына кирет”, — деди адвокат.

Икрамидин Айткуловдун сөзүнө караганда, Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет (УКМК) Юрий Низовскийге башта “Коррупция” беренеси менен иш козгогон. Ал азыр “Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу” беренесине өзгөртүлдү.

Бишкектин Биринчи май райондук соту шектүү 16-сентябрга чейин үй камагына алынганын кабарлады.

9-августта УКМК Низовский коррупцияга шек саналып кармалганын билдирген. Мекеме ал окуучулардын ата-энелеринен туруктуу акча алып турган коррупциялык схема түзгөнү аныкталганын жарыялаган.

Количество просмотров: 105