• Жума 3 Теке 2026
  • Пятница 3 Июль 2026

Атамбаев: Мажбурлап суракка алып барса баарына даярмын

10 Теке 201911:16 Бишкек Govori.TV

Бишкек.10.07.2019.Govori.TV.

Алмазбек Атамбаев эгер Ички иштер министрлиги аны мажбурлап суракка алып барса баарына даяр экенин билдирди.

Анын айтымында, милициянын ыкчам кызматкерлерин үйүнө киргизбейт.

«Эмне үчүн үйүмө киргизишим керек? Мен жакындарымды гана үйүмө киргизем. Аларды чындык кызыктырбайт. Алардын милдети — Атамбаевди сүйлөтпөө. Ошондо баары унчукпай калат деп ойлоп жатышат», — деди ал кечээ, 9-июлда Кой-Таштагы үйүндө.

Алмазбек Атамбаевдин юридикалык өкүлү Сергей Слесарев Ички иштер министрлигинин Тергөө башкармалыгына баруудан баш тарткан. Ал мындай чечимин чакыруу кагазы мыйзамдын негизинде жазылбаганы менен түшүндүргөн болчу.

«Чакыруу кагазы мыйзамдын негизинде жазылган эмес. Атамбаевдин иммунитети күчүндө. Кагазды кечээ жөнөтүп, бүгүнкүгө чакырып жатышат.

Кагаз менен таанышуу үчүн убакыт керек. Мен кат жөнөтүп, тергөөчү менен сүйлөшөм», — деген юрист.

Алмазбек Атамбаев ИИМдин Башкы тергөө башкармалыгына күбө катары суракка чакырылган. Чакыруу 8-июлда А.Атамбаевдин Кой-Таштагы үйүнө жеткирилген болчу.

Кагазды КСДПнын өкүлү Таалай Усубалиевге аймактык милиционер тапшырган. Чакыруу кагазында Атамбаев тергөө башкармалыгына 9-июлда эртең менен барышы керектиги жазылган.

Кийинчерээк Алмазбек Атамбаев бул боюнча комментарий берип, суракка барбай турганын айтты.

«Мен эмне үчүн ИИМге барышым керек? Жада калса бул кагазды колума да албайм, анткени бийлик укук талаасына кириши керек», — деген А.Атамбаев.

Количество просмотров: 19