Кыргызстанда 25-сентябрга карата коронавирус 66 адамдан аныкталды. Бул тууралуу Республикалык штабдан билдиришти.
Жаңы учурлар:
Сутка ичинде COVID-19 илдетинен эки бейтап каза болду.
Бир күндө 36 адам илдеттен сакайып чыккан. Бүгүнкү күндө стационарларда коронавирустан 712 бейтап, амбулатордук түрдө 655 адам дарыланууда.
Кыргызстанда пандемия башталгандан бери 180 миң 629 адам коронавирус жуктурган. Алардын ичинен 175 миң 97 киши айыгып чыкса, 2 миң 655 адам каза болду.