• Шаршемби 24 Чын куран 2024
  • Среда 24 Апрель 2024

66 адамдан COVID-19 табылып, 3 бейтап каза болду

30 Жетинин айы 2021 9:07 Бишкек Govori.TV

Бүгүн, 30-ноябрга карата коронавирус дагы 66 адамдан аныкталды. Бул тууралуу Республикалык штаб билдирди.

Жаңы учурлар:

Бишкек шаарында – 19;

Чүй облусунда – 30;

Ош облусунда – 4;

Талас облусунда – 1;

Жалал-Абад облусунда – 5;

Баткен облусунда – 7.

Эмдөө албагандар арасында 3 бейтап каза болду.

Ал эми бир суткада 100 адам илдеттен сакайып чыгып, бүгүнкү күндө стационарларда коронавирустан 405 бейтап, амбулатордук түрдө 488 адам дарыланууда.

Кыргызстанда пандемия башталгандан бери 183 миң 351 адам коронавирус жуктурган. Алардын ичинен 178 миң 230 киши айыгып чыкса, 2 миң 746 адам каза болду.

Количество просмотров: 83