Кыргызстанда 7-ноябрга карата коронавирус дагы 66 адамдан аныкталды. Бул тууралуу Республикалык штаб билдирди.
Жаңы учурлар:
Бишкек шаарында – 21,
Ош шаарында – 1,
Чүй облусунда – 5,
Ош облусунда – 9,
Талас облусунда – 5,
Нарын облусунда – 1,
Ысык-Көл облусунда – 15,
Жалал-Абад облусунда – 8,
Баткен облусунда – 1.
Ал эми бир суткада 77 адам илдеттен сакайып чыгып, эмдөө албагандар арасында 3 бейтап каза болду.
Бүгүнкү күндө стационарларда коронавирустан 606 бейтап, амбулатордук түрдө 829 адам дарыланууда.
Кыргызстанда пандемия башталгандан бери 181 миң 830 адам коронавирус жуктурган. Алардын ичинен 176 миң 185 киши айыгып чыкса, 2 миң 686 адам каза болду.