Кыргызстанда 11-декабрга карата коронавирус дагы 68 адамдан аныкталды. Бул тууралуу Республикалык штаб кабарлады.
Жаңы учурлар:
Ал эми бир суткада 57 адам илдеттен сакайып чыгып, 2 бейтап каза болду.
Бүгүнкү күндө стационарларда коронавирустан 347 бейтап, амбулатордук түрдө 371 адам дарыланууда.
Кыргызстанда пандемия башталгандан бери 183 миң 931 адам коронавирус жуктурган. Алардын ичинен 178 миң 962 киши айыгып чыкса, 2 миң 768 адам каза болду.