Бүгүн, 21-мартка карата COVID-19 илдети 68 адамдан аныкталды. Бул тууралуу Республикалык штабдан кабарлашты.
Талас, Нарын жана Баткен облусунда акыркы сутка ичинде ооругандар катталган жок.
Бишкек шаары — 45;
Ош шаары — 4;
Чүй облусу – 12;
Ысык-Көл облусу – 6;
Жалал-Абад облусу – 1.
Өлкөдө жалпы 87 миң 389 адам коронавирус инфекциясынан жабыркады.
Соңку сутка ичинде 55 бейтап коронавирус инфекциясынан айыгып чыкты.
Бишкек шаары – 23;
Чүй облусу – 18;
Ош облусу – 2;
Нарын облусу – 4;
Ысык-Көл облусу – 6;
Баткен облусу – 2.
Кыргызстанда илдет катталган күндөн бери жалпы 84 миң 185 бейтап оорудан айыкты.