• Жекшемби 5 Бугу 2024
  • Воскресенье 5 Май 2024

69 адамдан COVID-19 табылып, 1 бейтап каза болду

29 Аяк оона 2021 9:18 Бишкек Govori.TV

Бүгүн, 29-сентябрга карата коронавирус дагы 69 адамдан аныкталды. Бул тууралуу коронавируска каршы Республикалык штаб билдирди.

Жаңы учур:

  • Бишкек шаарында – 38,
  • Чүй облусунда – 17,
  • Ош облусунда – 4,
  • Ысык-Көл облусунда – 9,
  • Баткен облусунда – 1.

Сутка ичинде өлкө боюнча COVID-19га каршы эмдөө албагандар арасында бир бейтап каза болду.

Ал эми бир суткада 97 адам илдеттен сакайып чыккан. Бүгүнкү күндө стационарларда коронавирустан 454 бейтап, амбулатордук түрдө 803 адам дарыланууда.

Кыргызстанда пандемия башталгандан бери 178 миң 444 адам коронавирус жуктурган. Алардын ичинен 173 миң 102 киши айыгып чыкса, 2 605 адам каза болду.

Количество просмотров: 82