• Бейшемби 25 Кулжа 2026
  • Четверг 25 Июнь 2026

7-июлда күтүлгөн аба ырайы

6 Теке 202213:29 Бишкек Govori.TV

Кыргызгидромет билдиргендей, 7-июлда түнкүсүн Чүй, Ысык-Көл, Нарын облустарынын кээ бир райондорунда, Жалал-Абад облусунун тоо этектеринде жана тоолуу райондорунда мезгил-мезгили менен өткүн өтүп, күн күркүрөйт. Калган аймактарда жаан жаабайт.

Эртең менен жана күндүз Чүй, Ысык-Көл облустарынын көпчүлүк аймактарында, Талас, Нарын облустарынын кээ бир райондорунда, Жалал-Абад облусунун тоо этектеринде жана тоолуу райондорунда, Ош облусунун тоолуу райондорунда мезгил-мезгили менен өткүн өтүп, күн күркүрөйт.

Ысык-Көл облусунун кээ бир райондорунда жаан-чачын катуу жаайт, Жалал-Абад, Ош, Баткен облусунун өрөөндөрүндө жаан-чачын күтүлбөйт.

Батыш тараптан келген шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метр, айрым райондордо 15-20 метрге жетет.

Абанын температурасы:

Чүй өрөөнүндө түнкүсүн +13…+18, күндүз +26…+31,

Талас облусунда түнкүсүн +11…+16, күндүз +24…+29,

Жалал-Абад, Ош Баткен облустарында түнкүсүн +16…+21, күндүз +24…+29,

Ысык-Көлдө түнкүсүн +11…+16, күндүз +23…+28,

Нарында түнкүсүн +10…+15, күндүз +21…+26,

Бишкек шаарында жаан-чачын күтүлбөйт. Абанын температурасы түнкүсүн +16…+18, күндүз +29…+31 градус болот.

Количество просмотров: 1571