Эртең, 7-июлда түнкүсүн Ысык-Көл облусунун айрым райондорунда кыска мөөнөттүү жаан жаашы мүмкүн, деп билдирди Кыргызгидромет.
Күндүз Ысык-Көл, Нарын облустарынын көпчүлүк аймактарында, Чүй, Ош, Жалал-Абад облустарынын тоолуу аймактарында кыска мөөнөттүү жаан жаашы ыктымал.
Абанын температурасы:
Чүй облусунда
түнкүсүн +19…+24
күндүз +35…+40
Талас облусунда
түнкүсүн +17…+22
күндүз +34…+39
Баткен облусунда
түнкүсүн +21…+26
күндүз +36…+41
Ош, Жалал-Абад облустарында
түнкүсүн +21…+26
күндүз +36…+41
Ысык-Көл облусунда
түнкүсүн +14…+19
күндүз +27…+32
Нарын облусунда
түнкүсүн +9…+14
күндүз +25…+30
Бишкек шаарында жаан-чачын болбойт. Абанын температурасы түнкүсүн +22…+24 градус болсо, күндүз +38…+40 градуска жетет.