• Шейшемби 23 Кулжа 2026
  • Вторник 23 Июнь 2026

7-кабаттан секирем деген адам куткарылды

1 Чын куран 202514:15 Бишкек Govori.TV

ӨКМ тараткан маалыматы боюнча, 31-март күнү Бишкек шаарындагы Октябрь районунда жайгашкан көп кабаттуу үйдүн 7-кабатынан 23 жаштагы жаран өз өмүрүнө кол салууга аракет кылып жаткандыгы тууралуу маалымат 102 кызматынан келип түшкөн.

Жерине Бишкек шаардык Куткаруу кызматынан 5 куткаруучу тартылып, сүйлөшүүлөрдүн натыйжасында жогорудагы эркек адамды аман-эсен жерге түшүрүп, тез жардам кызматына өткөрүп беришкен.

Количество просмотров: 152