Эртең, 7-октябрда түнкүсүн абанын температурасы Чүй облусунун дыйканчылык аймактарында 0…-2°, Талас, Ысык-Көл, Нарын облустарынын дыйканчылык аймактарында -2…-4° чейин төмөндөп, үшүк жүрүп, өлкөнүн көпчүлүк аймактарында
жаан, тоолуу райондордо кар жаайт.
Абанын температурасы:
Чүй өрөөнүндө түнкүсүн 0…5, күндүз 5…10;
Талас облусунда түнкүсүн -3…+2, күндүз 4…9;
Баткен, Ош, Жалал-Абад облустарында түнкүсүн 5…10, күндүз 14…19
Ысык-Көл облусунда түнкүсүн 0…5, күндүз 4…9
Нарын облусунда 0…5, күндүз 5…10 градус;
Бишкек шаарында түнкүсүн 0…2°, күндүз 7…9° жылуу болот.