Эртең, 7-сентябрда өлкө аймагында жаан-чачын күтүлбөйт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет.
Абанын температурасы:
Чүй облусунда түнкүсүн 14 … 19, күндүз 31 … 36;
Талас жергесинде түнкүсүн 7 … 12, күндүз 29 … 34;
Баткен, Ош, Жалал-Абад облустарында түнкүсүн 15 … 20, күндүз 31 … 36;
Ысык-Көл облусунда түнкүсүн 7 … 12, күндүз 24 … 29;
Нарында түнкүсүн 5 … 10, күндүз 25 … 30 градус болот.
Бишкек шаарында түнкүсүн 17 … 19, күндүз 34 … 36.