• Ишенби 4 Бугу 2024
  • Суббота 4 Май 2024

7 унааны өрттөөгө шектүү кармалды

31 Үчтүн айы 2022 17:16 Бишкек Govori.TV

Бишкекте унааларды өрттөөгө шектүү жаран кармалды. Бул тууралуу Октябрь РИИБдин басма сөз кызматы кабарлады.

Маалыматка ылайык, 31-январь күнү саат 01:45 чамасында милицияга Ахунбаев — Абай көчөлөрүнүн кесилишинде жеңил унаа күйүп жаткандыгы тууралуу маалымат келип түшкөн. Анда борбор калаанын тургуну Ахунбаев көчөсүндө токтоп турган «Мерседес Спринтер» үлгүсүндөгү унаасын белгисиз адамдар өрттөп кеткенин билдирген. Ушул эле түнү Бишкектин ар кайсы көчөлөрүндө токтоп турган дагы 6 унаа өрттөлгөн.

Бул фактылар Жазык кодексинин 216-беренеси («Башка бирөөнүн мүлкүн жок кылуу же зыянга учуратуу») менен Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталды.

«Ыкчам иликтөө иштеринин натыйжасында Милициянын кайгуул кызматкерлери кылмышка шектүүнү кармады. Ал 1989-жылы туулган К.Д. экенидиги аныкталып, убактылуу кармоочу жайга киргизилди. Милиция кармалган адамдын башка кылмыштарга катыштыгы бар же жоктугун изилдейт»,-деп айтылат маалыматта.

Учурда тергөө иштери жүрүп жатат.

Количество просмотров: 833