• Жума 29 Жалган куран 2024
  • Пятница 29 Март 2024
Орозо

70 миң адам электрондук капчыкты колдоду

14 Бирдин айы 2018 9:44 Бишкек Govori.TV
Бишкек.14.02.2018.Govori.TV
Электрондук капчыкты колдогон 70 миң кайрылуу Улуттук банкка берилди.
Байланыш операторлор ассоциациясы Улуттук банкка 70 миң кайрылууну жеткирүүгө жардамдашты.
Кыргызстандыктар кол койгон кайрылуу-бул электрондук капчыкты колдогондордун бир гана бөлүгү. Дагы 47 миң адам пикирин SMS кат аркылуу билдирди дейт.
Ал эми Улуттук банк жарандардын электрондук каражаттары банктарда кепилдик менен сакталарын, ал эми уюлдук операторлор андай кепилдик бере албасын, бир топ тобокелчиликтер бар экенин билдирип келет.
Улуттук банктын төрагасы Толкунбек Абдыгулов аталган демилге боюнча парламент жыйынында суроолорго жооп берип жатып, электрондук капчыкты чектөө өлкө коопсуздугу үчүн жасалып жатат. «Улуттук банк каражаттарга пайдалануучуларга тийгенге чейин кепилдик берет. Ал эми уюлдук операторлор байланыш кызматына гана кепилдик берет. Терроризмге багытталган каражаттар бул жол менен өлкөгө агылып кириши мүмкүн. Бул мыйзамга каршы келет. Уюлдук операторлорго болсо аны көзөмөлгө алуу көйгөй жаратат»,- деген Абдыгулов.

https://www.facebook.com/bespredelKG/videos/2014652125439665/

Количество просмотров: 29