• Жекшемби 5 Бугу 2024
  • Воскресенье 5 Май 2024

76 адамдан COVID жаңы табылды, каза болгондор катталган жок

1 Тогуздун айы 2021 10:23 Бишкек Govori.TV

Кыргызстанда 1-октябрга карата коронавирус дагы 76 адамдан аныкталды. Бул тууралуу коронавируска каршы Республикалык штаб билдирди.

Жаңы учурлар:

Бишкек шаарында – 42,

Ош шаарында – 1,

Чүй облусунда – 20,

Талас облусунда – 2,

Ысык-Көл облусунда – 8,

Жалал-Абад облусунда – 3 адамдан илдет табылган.

Ал эми бир суткада 99 адам илдеттен сакайып чыккан. Каза болгондор катталган жок.

Бүгүнкү күндө стационарларда коронавирустан 436 бейтап, амбулатордук түрдө 779 адам дарыланууда.

Кыргызстанда пандемия башталгандан бери 178 миң 608 адам коронавирус жуктурган. Алардын ичинен 173 миң 305 киши айыгып чыкса, 2 миң 607 адам каза болду.

Количество просмотров: 47