• Бейшемби 28 Жалган куран 2024
  • Четверг 28 Март 2024
Орозо

774 миң орундук мектепте 1 миллиондон ашык бала окуйт

10 Аяк оона 2018 16:30 Бишкек Govori.TV
Бишкек. 10.09.2018. Govori.TV

Билим берүү жана илим министрлиги мектептерде окуучуларды комплектөө боюнча түшүндүрмө берди.

«Билим берүү жана илим министрлигинин Билим берүүнү башкаруунун маалыматтык системасынын базасына ылайык, иштеп жаткан мектептердин долбоордук кубаттуулугу 774 120 орунду түзөт. Азыркы учурда өлкөдө 2262 мектеп иштейт, 1 млн 223 миң бала окуйт», деп айтылат маалыматта.

Алардын ичинен 446 мектеп бир сменалык, 1657 мектеп – эки сменалык жана 159 мектепте ашыкча толушуна байланыштуу башталгыч мектептерде окутуу ийкемдүү иш тартибине ылайык жүргүзүлүп жатат.

Жалпысынан акыркы жылдары окуучулардын көбөйүшү байкалууда. Окуучулардын саны былтыркы жылга карата 4,0%га, 2012 жылга салыштырмалуу 18%га өстү. Шаарларда 25%га, айылдарда 14%га өсүү болду.

Ошол эле учурда министрликте белгилегендей, ашыкча толуу көйгөйү көбунчө миграцияга байланыштуу Бишкек шаарынын жана Чүй облусунун мектептеринде байкалууда.

Количество просмотров: 43