• Шейшемби 23 Кулжа 2026
  • Вторник 23 Июнь 2026

78 жаштагы адамды уруп, тоногон адам кармалды

9 Тогуздун айы 202414:57 Бишкек Govori.TV


Ак-Суу айылынан талап тоноочулукка шектүү 43 жаштагы адам кармалды. Бул тууралуу Чүй ОИИБнен билдирди.

Маалыматка ылайык, 8-октябрда 78 жаштагы П.Л. аттуу адамдын үйүнө 43 жаштагы Ц.В. аттуу адам кирип келип, бир нече жолу чаап, уюлдук телефонун тартып алып, из жашырып кеткен. Милиция кызматкерлери тоноо боюнча кылмыш ишин козгогон.

Милиция кызматкерлери 43 жаштагы Ц.В. аттуу мурда соттолгон адамды кармашып, убактылуу кармоочу жайга киргизишти. 78 жаштагы адамга кол салганда кылмышка шектүү мас абалында болгон.

Соттук медициналык экспертиза дайындалып, тергөө амалдары жүрүүдө.

Количество просмотров: 327