Кыргызстанда 22-январга карата коронавирус 791 адамдан аныкталды. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлиги билдирди.
Жаңы учрлар:
Бишкек шаарында –488;
Ош шаарында – 7;
Чүй облусунда – 185;
Ош облусунда – 8;
Талас облусунда – 9;
Нарын облусунда – 7;
Ысык-Көл облусунда – 17;
Жалал-Абад облусунда – 39;
Баткен облусунда – 31.
Акыркы суткада 466 адам илдеттен сакайып чыкты, үч бейтап каза болду.
Бүгүнкү күндө стационарларда коронавирустан 1129 бейтап, амбулатордук түрдө 6 697 адам дарыланууда.
Кыргызстанда пандемия башталгандан бери 194 миң 607 адам коронавирус жуктурган. Алардын ичинен 182 миң 442 киши айыгып чыкса, 2 миң 846 адам каза болду.