• Шейшемби 23 Кулжа 2026
  • Вторник 23 Июнь 2026

793 автобустун айдоочусу «кара тизмеге» кирди

23 Теке 202513:50 Бишкек Govori.TV

«Бишкек шаардык транспорт» муниципалдык ишканасынын 793 айдоочусу ишкананын «кара тизмесинде» болсо, анын ичинен 153ү «ЭКО жүргүнчүлөрдү ташуу» ЖЧКсынын айдоочулары. Мындай маалыматтар борбор калаанын муниципалитетинде мэр Айбек Жунушалиевдин пландык кеңешмесинин жүрүшүндө айтылды.

Мэриядан белгилешкендей, 404 айдоочу тартиптик жазага тартылды.

Жыйында калаа башчысы жүргүнчүлөрдү ыңгайлуу ташуу үчүн айдоочулар тарабынан эреже бузууларды аныктоо боюнча рейддик иш-чараларды күчөтүүнү, ошондой эле накталай эмес төлөм системасына толук өтүү планын аткарууну тапшырды.

Ошондой эле мэр коомдук транспорттун айдоочулары тарабынан эреже бузууларды көзөмөлдөгөн адистерге стимул берүү маселесин кароо милдетин койду.

Количество просмотров: 279