Бишкекте автобустун айдоочусу жөө адамдарды сүзүп, бирөө каза болду. Бул тууралуу Бишкек шаардык Милициянын кайгуул кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, 24-октябрда №48 автобустун 1968-жылы туулган айдоочусу Жибек-Жолу көчөсүндө чыгыш багытка бара жатып, Ала-Арча көчөсүнүн кесилишине жетпей жөө өтмөктөн эки адамды сузүп алган.
Натыйжада жөө жүргүнчү 1939-жылы туулган Т.И. окуя болгон жерден өзүнө келбестен каза болгон. Жабыркаган жөө жүргүнчү 1975-жылы туулган Т. С. баш мээси чайкалып, башынан жаракат алып Улуттук ооруканага жаткырылган.
Учурда автобус унаасы айып аянтына токтотулуп, тийиштүү экспертизалары дайындалып, тергөө иштери жүрүүдө.